АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ДАТТАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– мыйзам күчүнө кире элек сот өкүмү ж-а чечимин өзгөртүш үчүн жогорку инстанцияга даттануу. Апелляциялык сот даттанууну кайрадан изилдейт да төмөнкү соттун чыгарган өкүмүн шексиз далилдер м-н кубаттайт же төгүнгө чыгарат. Учурдагы дүйнөлүк укук таанууда сот чечимин өзгөртүү б-ча даттануунун бирдиктүү формасьш кассация деп аташат. КРдин кылмыш иштер б-ча А. д. укугу соттолгон же акталган адамга, алардын адвокаттарына ж-а мыйзамдуу өкүлдөрүнө, күнөөлөчү адамга ж-а анын өкүлүнө, жабыр
тартуучуга ж-а анын өкүлүнө таандык. Жарандык доочу, жарандык жоопкер ж-а алардын адвокаты жарандык доого тиешелүү иштин
бөлүгүн токтотуу ж-дө өкүм же анын токтому тууралуу даттанууга укуктуу. А. д. тиешелүү облустук, Бишкек ш. ж-а КРдин аскер соту тарабынан каралат. Анын берүү тартиби, мазмуну, даттануу ж-а мөөнөтү ишти кароо эрежелери б-ча жүзөгө ашырылат.