АОРСТОР
21:01, 13 Июль (Теке) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(гр. Aorsoi) – сармат урууларынын союзу (к. Сарматтар). А. ж-дө Страбон, Птолемей, Плиний ж-a Тациттин эмгектеринде маалыматтар бар. А. алгач Арал же Каспий деңиздеринин түндүгүндө жашаган. Б. з. ч. 2-к-да Каспий деңизи м-н Дондун түн. жээгиндеги талааларды ээлешип, андан Кавказга чейин барышкан. А. жоокер, көчмөн эл болуп, негизинен малчылык м-н кесиптенишкен ж-a Закавказьенин, Боспор мамлекетинин ж-a О. Азиянын элдери м-н соода жүргүзгөн. Б. з. 2-к-нда аландар башкарган сармат уруулар союзунун курамына кирген. Оренбург талаалары м-н төмөнкү Волга боюнда б. з. ч. 4–2-к-дагы көрүстөндөр А-го таандык делип жүрөт.