АҢЧЫЛЫК АЙБАНАТТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– кармап же атып алчу кайберен менен илбээсин. Алар этинен сырткары мамык жүн, мүйүз жана тери берет. Жашаган жерине жараша токой (токой чили, кара кур, керең кур ж. б.), талаа же чөл (боз чил, бөдөнө, кыргоол, безбелдек, тоодак), саз (эчки маарак), суу (өрдөк, каз ж. б.), тоо (улар, кекилик ж. б.) илбээсиндерине, о. эле жашоо шартына жараша жерг. жана келгин болуп айырмаланат. Аларга кайберендер (багыш, марал, тооэчки, аркар-кулжа д. у. с.), коён, каман ж. б. кирет. Аңчылык кылууга мамл. органдар белгилүү мөөнөткө уруксат берет. Кээ бир сейрек А. а-на (ак куу, каркыра, тоодак, кыргоол ж. б.) атууга же кармоого убактылуу тыюу салынып, аларды көбөйтүү максатында атайын коруктар уюштурулган (мис., Сары-Челек, Ысык-Көл ж. б.). Илбээсиндердин эти даамдуу жана сиңимдүү. Терисинен булгаары, жаргак ж. б. даярдалса, мүйүзү көркөмдөөдө жана көркөм буюм жасоо үчүн колдонулат, ал эми чаар бугу менен маралдын кемирчек мүйүзүнөн пантокрин дары заты алынат, к. Куну айбанаттар.