АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АНТРОПОЦЕНОЛОГИЯ (антропо'... ж-а гр. kainos – жалпы, logos – окуу) – адамды өзгөчө биосоциалдык түр катары кароо м-н анын келип чыгуусун, эволюциясын, курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн жалпы закон ченемдүүлүктөрүн аңдап билүү. Адамдын көбөйүшү, ил. техниканын өнүгүүсү м-н курчап турган чөйрөгө терс таасирлер көбөйүүдө. Адам өзүнүн жашоосун жакшыртуу үчүн жаратылыш байлыктарын эбегейсиз көп ж-а үнөмсүз пайдаланат. Андыктан, атмосфера, гидросфера, литосфера булганып, жаратылыш байлыктары улам азаюуда. Бирок, барган сайын «адамдын автотрофтуулугу» жогорулоодо.о.