АНГЛИЯ-КЫТАЙ СОГУШУ
АНГЛИЯ-КЫТАЙ СОГУШУ--биринчи «а п и й и м» согушу (1840-42) – Англиянын Кытайды өзүнө көз каранды кылып алуу үчүн жүргүзгөн согушу. 19-к-дын башында англичандар мыйзамсыз түрдө Индиядан Кытайга апийим ташып турушкан. Бул Кытайдын коопсуздугуна, экономикасына чоң коркунучту пайда кылган. Ага каршы 1839-ж. Кытайдын өкмөт комиссары Линь Цзе Сюй англичандардын Гуанчжоудогу кампаларындагы 20 миң ящик апийимин камакка алган. 1840-ж. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Пальмерстон 16 аскер кемесинен турган эскадраны Гуанчжоуну курчоого алууга жөнөтүп, англичандар Кытайдын Шанхай, Динхай, Нинбо ж. б. ш-ларын басып алган. «Биринчи апийим согушунда» кытайлыктар жеңилүүгө учурап, 1842-ж. тең укуксуз Нанкин келишимине кол коюуга аргасыз болгон. Келишим б-ча Кытайдын Сямынь (Амой), Гуанчжоу (Кантон), Фучжоу (Фучоу), Нинбо (Нинпо) ж-а Шанхай чет өлкөлүктөргө соода жүргүзүү үчүн ачык деп жарыяланып, Сянган (Гонконг) Улуу Британияга берилген.