АМИРАБАД МАДАНИЯТЫ
Jump to navigation
Jump to search
– байыркы Хорезм чөлкөмүндөгү соңку коло дооруна (б. з. ч. 9–7-к.) таандык археол. мад-т. 1937-40-ж. КараКалпакстан Респ-нын Амирабад каналынын аймагында эски турак жайларды казуу убагында табылган буюмдардын негизинде аны изилдеген археолог С. П. Толстов А. мад-ты деп өзүнчө
бөлгөн. А. мад-тынын калкы уруучулук коомдо жашап, сугат дыйканчылыгы, мал чарбасы менен кесип кылган А. мад-тына түбү жалпак, капталы көтөрүңкү, жылмаланган карала идиштер, ортосунда чоң коломтосу бар жер үйлөр да мүнөздүү. Якке-Парсан 2 турак жайынан жалбырак формасында колодон жасалган жебенин учтары жана аны куя турган калып табылган.