АМАНУЛЛА ХАН
Jump to navigation
Jump to search
[1. 6. 1892, Афганистан эмираты, Пагман – 25. 4. 1960, Швейцария, Цюрих,сөөгү Желал-Абадга (Афганистан) коюлган] – афган королу (1919–29). Улуу Британияга каршы А.-х. башында турган афган элинин боштондук күрөшү ийгиликке жетишип, 1919-ж. 28-февралда Афганистан көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. 1919-ж. РСФСР менен достук келишимин, 1926-ж. бейтараптык жана өз ара кол салышпоо ж-дө СССР менен келишим түзгөн.
А.-х-дын реформалары улуттук экономиканы жана мад-тты өнүктүрүүгө жана мамлекеттин көз каранды эместигин бекемдөөгө багытталган. Анын тушунда кулчулукка каршы, балакатка жетпей никелешүүгө, о. эле калың төлөн, аял алууга ж. б. тыюу салган мыйзамдар кабыл алынган. Көптөгөн жаш афгандыктар билим алууга мамлекет тарабынан Европага жана Түркияга жиберилген. 1923-ж. Афганистандын алгачкы Конституциясы кабыл алынган. 1928–29-ж. Афганистанда А. х-дын реформаларына нааразы болгон мусулман дин башчылары козголоң уюштуруп, А.-х. чет жерге качууга аргасыз болгон.