АЛТЫМЫШБАЕВ Асылбек
АЛТЫМЫШБАЕВ Асылбек [(1. 5. 1912, Россия империясы, Жети-Суу обл., Тилекмат айылы, азыркы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Калматай (Шалбаа) айылы – 1987, Фрунзе)] – философ, Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), философия илимд.
доктору (1961), проф. (1962), Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1973). Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн (1942). Кыргызстан КП БКнын алдындагы респ. парт, мектебинин философия кафедрасынын башчысы (1948–49). СССР
ИАнын Кырг-ндагы филиалынын Тил ж-а тарых интунун директору (1949–50), филиалдын Президиумунун төрагасынын биринчи орун басары (1950–52), Кыргыз ССР КП БКнын илим ж-а мад-т бөлүмүнүн башчысы (1952–54), Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти, Философия ж-а укук ин-тунун директору (1954–66), улук ил. кызматкери(1966–75). 1975–87-ж. ин-ттун директору болуп иштеген. 1960-жылдан респ. «Билим» коомунун төрагалык кызматын да аткарган. СССР (5-шайланышы), Кыргыз ССР Жогорку Советтеринин (3-, 4-, 6-шайланышы) депутаты ж-а Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү болгон. А-дин ил. эмгектери О. Азия элдеринин соц. мад-тынын калыптануу, өнүгүү мыйзам ченемдеринин айрым теориялык маселелерин, кыргыз элинин коомдук-саясий ж-а филос. ой-пикиринин өнүгүү тарыхын изилдөөгө арналган. 60тан ашык ил. эмгектин автору. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», Эл Достугу ордендери м-н сыйланган.
Эм Эмг.: Октябрь и развитие общественного сознания киргизского народа. Фр., 1980; Интернациональное и национальное в социалистическом образе жизни советского народа. Фр., 1982; Очерк истории развития общественно-политической мысли в дореволюционной Киргизии. Фр., 1985.