АЛТЫГАТ
Jump to navigation
Jump to search
АЛТЫГАТ– бир жак бетине баркыт, бейкасам ж. б. кездеме капталып, жээгине төрт эли кызыл же кара манат кыйылган төшөнчү кийиз. Уз. 3 м, туурасы 1,5 м жасалып, эки-үч кабат бүктөлөт. А. жүккө кездеме жагы сыртка каратылып, бүктөлүп жыйылат. А. боз үйдө меймандын алдына салынат (андан сыз өтпөйт). Ал азыркы учурда дээрлик жок болуп бара жаткан буюмдардан.