АНТИПАТИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:22, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. antipatheia – жактырбоо) –

адамдын кимдир бирөөнү (же бир нерсени) жактырбоо, кастык кылуу, жек көрүү м-н мүнөздөлүүчү эмоциялык мамилеси. Ал адамдын тышкы турпатынын айрым белгилеринен, үнүнөн, мамилесинен ж. б. байкалышы мүмкүн. Симпатия сыяктуу эле А. түшүнбөстүктөн же түшүнүп баамдоодон болушу ыктымал. Түшүнбөстүктөн болуучу А. негизинен балдардын турмуштук тажрыйбасынын жетишсиздигинен, адамдардын кылык-жоруктарын жеткиликтүү талдап биле албагандыгынан келип чыгат. Түшүнүп баамдоодон жаралуучу А. көз караштын, кызыкчылыктын, сезимдердин кескин түрдөгү айырмалуулугунан, жалпысынан алганда бири-бирине кас социалдык же саясий топторго таандык болгондуктан, турмушка ар түрдүү көз карашта мамиле кылуучулуктан келип чыгат. Кээде көрө албастык сезимине айланып кетиши ыктымал. Ошондуктан тарбиячылар балдарды өздөрүнүн тигил же бул эмоциялык абалынын себептерин сезе билүүгө, башка адамдар м-н мамилени алардын эң негизги адамдык баркын ж-а кемчиликтерин туура баалоонун негизинде түзүүгө үйрөтүү керек.