АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:49, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА– Вест-Индиядагы мамлекет. Кариб деңизинин чыгыш бөлүгүндө, Кичи Антил а. архипелагында, Айдарым аралдар тобунда жайгашкан. Антигуа, Барбуда, Редонда а-н ж-а Антигуа а-на жакын бир нече майда аралдарды камтыйт. Аянты 443 км2 (а. и. Антигуа 281 км2, Барбуда 161 км2). Калкы 85,6 миң (2009). Борбору – Сент-Жонс ш. (Антигуа а-нда). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары. Адм.-айм. жактан 6 приходко (адм.-айм. бирдик) ж-а 2 опекалык аймакка (Барбуда, Редонда) бөлүнөт.
А. ж-а Б. – унитардык мамлекет. Шериктештикке кирет. Конституциясы 31. 7. 1981-ж.

кабыл алынган. Башкаруу формасы – консти

АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА 105.png
АНТИГУА ЖАНА БАРБУДА 106.png

тутциялык монархия. Мамл. башчысы – британ монархы; А. ж-а Б-нын премьер-министринин сунушу м-н дайындалган анын өкүлү ген.губернатор башкарат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – эки палаталуу парламент (анын 17 мүчөсүнүн 16сы Антигуадан, бирөө Барбудадан). Өлкө БУУнун (1981-жылдан), Америка мамлекеттери уюмунун (1981) мүчөсү.
Антигуа а-нын жеринин бети дөңсөөлүү, түш.батышы көтөрүнкү келип, бийикт. 402 мге чейин (Богги чокусу, өлкөнүн эң бийик жери). Жээк тилкелери өтө тилмеленген. Терең бухталуу гавандары бар. Барбуданын жеринин бети тегиз келген коралл аралы, терең лагуна, кумдуу пляждары бар, коралл рифтери м-н курчалган. Редонда – аскалуу арал. Климаты тропиктик пассаттык. Жылдык орт. темп-расы 27°С (июлдуку 30°Сге чейин). Жаан-чачыны 1150 мм. Июль – октябрь айларында катуу шамал (ураган) болот. Агын суулары жок болгондуктан тузсуз суу таңкыз. Аймагында Нельсонс-Докярд улуттук паркы бар, Дайамонд-Риф деңиз паркында коралл рифтеринин экосистемасы сакталган.
Калкынын көпчүлүгү вест-индиялык негрлер (антигуалыктар; 82%), о. эле мулаттар (3%), АКШлык америкалыктар (12%). Христиан динин туткандар 96% (а. и. англикандар 42%, католиктер 12%).
Байыртадан индейлер [Антигуа а-нда аравактар (б. з. башталышында) ж-а карибдер (2-миң жылдыктын 1-жарымында)] отурукташкан. Антигуа а-н X. Колумб (1493-ж.) 2-экспедициясында ачкан. Ичүүгө суунун жоктугунан ж-а согушчан индейлердин каршылыгынан испандар аралды таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1667-ж. А. ж-а Б. Англияга өткөн. 1632-1967-ж. Британиянын ээлиги; 1981-жылдын 1-ноябрынан көз карандысыз өлкө.
Э к о н о м и к а с ы нын негизин чет элдик туризм (ички дүң продукциясынын 40%тен ашыгы) ж-а офшор финансы тейлөөсү түзөт. Ички дүң продукциясы 1,55 млрд долларды (АКШ) түзүп,

киши баптына бөлүштүргөндө 18,1 миң доллардан туура келет (2009). Ички дүң продукция

АНТИГУАЖАНА БАРБУДА карта

сындагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 77%, өнөр жайыныкы 19%, а. ч-ныкы 4%. 2000-ж. 237 миң турист келип, киреше 290 млн долларды түзгөн. Туризмдин негизги түрү – пляжда эс алуу, дайвинг (Кейде рифинде, а. и. чөккөн кемелерди көрүү), виндсёрфинг (Антигуа а-нын батыш жээги). Өнөр жайынын негизги тармагы – тамак-аш (ром, шарап өндүрүшү, кант, патокамеласса, кокос ж-а пахта майы) өнөр жайы. Электр-тех., электроника, оптикалык линза, цемент, эмерек, трикотаж (негизинен Антигуа а-нда) чакан өнөр жайлары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (карала жасоо, кездеме токуу, кийим тигүү) өнүккөн. 2007-ж. 110 млн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 18% и иштетилет, 9% жайыт, 11% ин токой ээлейт. Бал камыш, пахта, тропик жемиштери (а. и. манго, банан), жашылча өстүрүлөт. Ичүүчү сууну деңиз суусун тузсуздандырып алат. Бодо мал асыралат. Балык ж-а омар кармалат. Автомобиль жолунун уз. 250 км. Сент-Жонс ш. – башкы деңиз порту, эл аралык аэропорту бар. Сыртка кийим-кечек, электрондук компоненттерди чыгарып, сырттан азык-түлүк, машина ж-а анын жабдууларын, химикаттарды алат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Германия, АКШ.

Антигуа ж-а Барбуданын кооз пляждарынын бири.
Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары.

А. ж-а Б-нын аймагында британ. согуш курулуштары, Беркли (1740), Жеймс ж-а Гоут-Хилл форттору, Арсенал имараты (1743) ж. б. сакталган. Англикан стилинде Сент-Жонс собору (1681), классицизм стилиндеги чиркөө (1840; Парем), Антигуа (1982) ж-а Вест-Индия (1949) ун-ттери, китепканалар, Сент-Жонстогу музей (1985-ж. негизделген) бар. С. Айткулова.