АНТИБӨЛҮКЧӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:32, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИБӨЛҮКЧӨ– өзүнө «түгөй» бөлүкчөлөргө карата масса, жашоо убактысы, спини ж.б. физ. мүнөздөмөлөрү бирдей, бирок алардын өз ара заряддарынын белгилери м-н айырмаланган элементардык бөлүкчөлөрдүн тобу. Анын жаратылышта бар экенин 1931-ж. англ. физик П. Дирак теориялык эсептөөнүн негизинде алдын ала айткан. Электрон үчүн чыгарылган релятивисттик кванттык тендеме (к. Дирак теңдеме си.) электр зарядынын белгисине симметриялуу, о о. эле массалуу, бирок электр заряды оң бөлүкчө үчүн туура келген. Ал бөлүкчө электронго карата антиэлектрон (позитрон) деп аталган. Жаратылышта кездешүүчү же жасалма түрүндө алынган элементардык бөлүкчөлөр же алардын А-сү жер бетине келген космос нурларынан бири бирине карата бөлүкчө ж-а А. болгон оң ж-а терс мюондор, бөлүкчө ж-а антибөлүкчө түгөйүн түзгөн терс ж-а оң пи-мезондор, 1955-ж. биринчи жолу антипротон аныкталып, 1956-ж. антинейтрон ачылган. Бардык элементардык бөлүкчөлөрдүн А-сү бар. Үч элементардык бөлүкчөнүн – фотон, z° ж-а р°- мезондордун А-лөрү м-н бирдей мүнөздөмөлөргө ээ, б. а. алардын айырмалары жок. Лабор-да, ылдамдаткычта бөлүкчөлөр өз ара аракеттенишкенде, табигый шартта космос нурлары Жер атм-сы м-н өз ара аракеттенишкенде А. пайда болот.