АННАН КОФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(8. 4. 1938, Кумаси, Алтын Жээк – 18. 8. 2018, Берн, Швейцария) – ганалык дипло-мат. БУУнун Гене-ралдык секретары (1997–2006), 2012-жылдын 24-февралынан 31-августуна чейин БУУнун ж-а Араб лигасынын Сириядагы чыр-чатакты жөнгө салуу б-ча атайын чабарманы. Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты (2001). АКШнын Миннесота штатындагы Макаластер колледжин (1961), Массачусетс технол. ин-тун бүтүргөн. 1962-жылдан БУУнун ден соолукту сактоонун

Бүткүл дүйнөлүк уюмунда,

АННАН КОФИ 96.png

Аддис-Абебадагы Африка үчүн экон. комиссиясында,
Исмаилидеги БУУнун Атайын куралдуу күчтөрүнүн катарында качкындар иштери б-ча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармасында кызмат өтөгөн.
1987–92-ж. БУУнун борб. аппаратында адам ресурстары б-ча Генералдык секретардын жардамчысы ж-а коопсуздук маселелери б-ча координатору. 1993–94-ж. Генералдык секретардын тынчтыкты сактоо маселелери б-ча жардамчысы, 1994–96-ж. анын орун басары. А. К. Ирак-Кувейт согушун токтотууга, Босния ж-а Герцеговина, Чыгыш Тимор маселелерин жөнгө салууга зор салым кошкон ж-а БУУну реформалоо б-ча иш-чараларды ишке ашырууда активдүү роль ойноодо.