АНКЕР БЕКИТКИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:58, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНКЕР БЕКИТКИЧ, штангалык – кен казууда тоотек массивине бекитилген темир, темир-бетон, айрым учурда жыгач өзөкчө. А. б-нин негизги элементи – уз. 0,7-3 м келген металл анкер (штанга). Ал бургуланган шпурга киргизилип, шынаа, кергич бөрк ж-а гайка м-н бекитилет. Кен казууда темир-бетон анкери колдонулганда шпурга болот зым арматурасы орнотулуп, ага кум-цемент аралашмасы толтурулуп жасалат. А. б-тин жардамы м-н тоотектердин бошураак катмары бир кыйла чың катмарга ныкталып жабыштырылганда, ал урабай бекем болуп калат.�т.