АНИЗОТРОПИЯ ТОО ТЕКТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:09, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНИЗОТРОПИЯ ТОО ТЕКТЕРИ– касиеттери (деформациялык, электрдик, жылуулук, магниттик, оптикалык ж. б.) түрдүү багыттар б-ча бирдей эмес тоо тектер. Минералдардын ж-а тоо тектин анизотропиялуулугу тоо тектердин микрокатмарланууга, бүртүкчөлөрдүн ж-а кристаллдардын иреттүүлүгүнө ж-а микрожаракалуулугуна байланыштуу. Тоо тек массивдеринин аназотропиясы ири структуралык элементтердин иреттүү жатышы м-н аныкталат; тоо-кен иштерине киришүүдө, бузуу ыкмаларын тандоодо деформациялык А-нын мааниси зор; ал кысууда ж-а чоюууга бышыктык чегине же деформация модулуна карата аныкталат. Мис., көмүрдүн деформациялык модулу 1,22, кумдуктуку 1,28, алевролиттики 1,61.