АНЕСТЕЗИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:16, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕСТЕЗОЛОГИЯ – клиникалык медицинанын бөлүмү; ооруну сездирбөө ж-дөгү илим. Хирург. операцияда ооруну басаддатуучу ж-а организмдин тиричиликке маанилүү функцияларын (дем алуу, кан айлануу, зат алмашуу ж. б.) башкарууну изилдейт А. практикасында көбүнчө � наркоз ж-а жерг. анестезия колдонулат. Анын өөрчүшүнө орус окумуштуулары И. И. Пирогов, С. П. Федоров, А. В. Вишневский ж. б. салым кошкон. Наркоз заттары � ингаляция (дем алдыруу) же кан тамырга, булчуң этке, сөөк кемирчегине ийне сайуу, ичегиге клизма жасоо аркылуу берилет. Азыр ооруну сездирбөөнүн жаңы ыкмалары пайда болду, наркоз берүүчү аппараттар ж-а аспаптар жасалып, жаңы дарылар синтезделди. Булардын негизинде операция опурталдуулугу төмөндөп, жүрөк, өпкө ж. б. маанилүү тиричилик органдарына узакка созулган татаал операциялар натыйжалуу ишке ашырылууда.уда.