АНЕМОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:11, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕМОМЕТР (анемо... ж-а ... метр) – шамалдын ж-а газ агымынын ылдамдыгын өлчөөчү прибор. Бир нече түрү бар. Карман жүрмө А. практикада көп пайдаланылат (к. сүрөт). Ал томпок жактары бир жакты карап турган 4 чөйчөкчөдөн турат. Чөйчөкчөлөр ок темирдин жогору жагына кайчылаштырып бекитилет; алар шамалдын таасиринен кыймылга келип, кыймыл ок темирдин төмөнкү учундагы эсептөө куралынын жебесине берилет. Айлануу санына жараша шамалдын орточо ылдамдыгы аныкталат. Желдеткич түтүктөр м-н каналдарындагы аба агымынын орточо ылдамдыгын аныктоодо баралуу А. колдонулат.
Ад.: Стернзат М. С. Метеорологические приборы измерения. 1978; Качурин Л. Г. Методы метеорологических измерений. 1985.