АНЕКДОТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:36, 22 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЕКДОТ (гр. anekdotos – жарыяланбаган) – тамашалуу ж-а сатиралык курч мүнөздөгү күлкүлүү кыскача баян. «Анекдот» деген термин биринчи жолу Прокопий Кесарийскийдин сатиралык «Купуя сырларында» (6-к.) колдонулган. Россияда 18-кылымдын 2-жарымында тарай баштаган. Түрк элдеринде анекдоттор көбүнчө Молдо Насредин, Кожо Насредин ж-а Апендинин ысымдарына байланыштуу айтылат. Кыргыз адабиятында анекдот деген түшүнүк Октябрь революциясынан кийин пайда болгон. Мурда ал «шакаба», «тамаша», «аңгеме» деп аталып келген. Кыргыз элинде Куйручук, Шаршен, Жоошбай ж. б-дын күлкүлүү кылык-жоруктарын баяндаган анекдоттор бар. Бул жанр актуалдуу темада чыгарылып, өтө тез тарагандыгы м-н өзгөчөлөнөт. Негизги касиеттеринин бири – анекдот дайыма курч, таамай айтылган сөздөрдүн негизинде курулат. Элдик оозеки чыгармачылыкта, ошондой эле күндөлүк кадыресе турмушта кеңири кездешет.