АНДОРРА-ЛА-ВЕЛЬЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:19, 25 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНДОРРА-ЛА-ВЕЛЬЯ– Андорра мамлекетинин борбор шаары. Валира д-нын боюнда, деңиз деңг. 1070 м бийиктикте (Европадагы эң бийик жайгашкан шаар). Калкы 21,9 миң (2009). Шаардын агломерациясы Андорра-ЛесЭскальдесте өлкөнүн калкынын 1/2 бөлүгү жашайт. Тамеки ф-касы; сувенир, сыр жасоочу, жүн жип ийрүү ишканалары, муз. академия, театр ж. б. бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (жыгачка ж-а ташка оймо-чийме түшүрүү) өнүккөн. к-дын башында негизделген. Ыйык Арменголь чиркөөсү (11–12-к.), өкмөттүн резиденциясы «Дом долин» (16-к.; азыр сүрөт ж-а тарых музейи) сакталган.