АНАЭРОБДУК ШАРТ
Jump to navigation
Jump to search
АНАЭРОБДУК ШАРТ – чөйрөдө кычкылтек газы аз өлчөмдө болуп же такыр жок болгон абал. Көбүнчө жер алдында кездешет да, чириген субстраттарга кирет. О. эле атм-да кычкылтеги жок чөйрө да боло алат. Мындай шарттарда кычкылтекти талап кылбаган организмдер жашай алат. Алар орг., кай бирлери орг. эмес заттарды кычкылдандырып, бөлүнүп чыккан энергияны алуучулар да кездешет, мис., кызгылтым бактериялар.