АНАЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(гр. analogia – окшоштук) – нерселердин ж-а кубулуштардын ортосундагы айрым окшоштуктар. Ил. ачылыштарда А. маанилүү ролго ээ. Философияда заттардын (кубулуштардын ж-а процесстердин) кандайдыр бир касиеттериндеги окшоштук. Логикада анын жардамы м-н эки заттын айрым касиеттери окшош болсо, башка касиеттеринин да окшоштугу ж-дө корутунду чыгарылат, корутундунун тууралыгын же натууралыгын билүү үчүн аны тажрыйбада текшерип сынап көрүү керек. Илимге бул түшүнүктү Аристотель киргизген. Р. Оуэн анын функциялык окшош катарын аныктаган.
Ш. К. Алиева.