АНАЛИЗДИК ЖАНА СИНТЕЗДИК ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– грамматикалык же логикалык ар тараптуу анализдин негизинде, элементтерге ажыраган объектти бир бүтүн системага бириктирүү ж-дөгү ой толгоо. Анализдик ой жүгүртүүдө чындык таза логикалык анализ жолу м-н орнотулат (терминдер, баяндоолор). Синтездик ой жүгүртүү ички информацияга, логикадан сырткары чын билимдерге кайрылуунун натыйжасында негизделет. А. ж-а С. о. ж. деп бөлүү Лейбницте кездешет. Бул терминдерге Кант ачык
түшүндүрмө берет. Канттын ою б-ча синтездик априордук болушу да мүмкүн. Азыркы кездеги логикада ж-а илимдин методологиясында анализдик ой жүгүртүү тилдин семантикалык эрежелеринин натыйжасында ырастоолордун мүмкүнчүлүгүнүн негизи катары түшүндүрүлөт. Ушуну м-н аналитикалык дүйнөнү кароонун акыркы өбөлгөлөрү м-н байланыштуу. Ал эми синтездик болсо ушул жаңы билимдин тилинин семантикалык алкагында баяндоо мүмкүнчүлүктөрү м-н байланыштуу.
Ш. К. Алиева.