АНАКСИМАНДР
Jump to navigation
Jump to search
Милетский (б. з. ч. 610-
546-ж.) – байыркы грек милет мектебинин өкүлү,
философ, Фалестин шакирти, «Табият туурасында» деген филос. чыгарманын автору. А. тиричиликтин баштапкы негизи – биримдик, түбөлүк; айкындыгы жок нерсе – «алейрон», ал
мейкиндик м-н убакыттын чексиздигин гана
көрсөтпөстөн, аң-сезимдин чексиздигин да көрсөтөт, апейрондун дайыма кыймылда болушунан тынымсыз карама-каршылыктар (жылуу
м-н суук, жарык м-н караңгы) пайда болуп, ошолордун күрөшүнүн натыйжасында өзгөрүштөр
болуп турат деген ж-а Ааламдын чексиздиги
ж-дө божомол айткан. Адам башка жандуулар
сыяктуу балыктан жаралган деп, жаныбарлар
дүйнөсүнүн чыгышын табигый – тарыхый көз
караштан түшүндүргөн эволюция идеясын көтөргөн. Ш. К. Алиева.