АНАБИОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:41, 4 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АНАБИОЗ – организмдин тиричилик процесстери өтө жай жүргөн абал. Мында клеткада зат  алмашуу процесси акырындап, микроорганизмдер же башка жаныбарлар ыңгайсыз шартта  жашоосун улантууга шарт түзүлөт. Жагымдуу  шарт түзүлгөндө бардык биол. процесстер кайрадан өз калыбына келет. Ал бир нече модификациядан турат. А. кээ бир организмдердин  өөрчүшүнүн нормалдуу цикли (урук, үрөн, спора, цисталар) болуп эсептелет.