АМФИБОЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:21, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – көбүнчө амфибол ж-а плагиоклаздан турган, метаморфизделген тоотек. Курамында кээде гранат, эпидот, биотит, диопсид,

кварц ж. б. катышат. Өңү кара, бозомук, кочкул жашыл. А. ар кандай магмалык (габбро, диабаз, базальт, туфтар ж. б.), о. эле карбонат чөкмө тоотектердин өтө метаморфизделишинен пайда болот. А-тер негизги кошумча минералдары б-ча – биотиттүү, гранаттуу, кварцтуу, кианиттүү, скаполиттүү, цоизиттүү, эпидоттуу ж. б. деп айырмаланат. А. майда кооз буюмдарды жасоо үчүн ж-а курулушта имараттарды кооздоодо пайдаланылат.