АМРИТСАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:14, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМРИТСАР – Индиянын түн.-батышындагы шаар. Пенжаб (Панжаб) штатында. Калкы 1,2
млн (2011). Жолдор тоому. 1577-ж. Өлбөстүк
көлүнүн (санскритче – амрита сарас) тегерегинде негизделип, сикхтердин башкы диний ж-а
маданий борбору болгон. A-да сикхтердин эң
ыйык «Алтын храмы» (Харимандир; 16-18-к.)
жайгашкан. «Алтын храм» 1761-ж. кыйроого
учурап, кийин кайра калыбына келтирилген,
индустардын Дургиана храмы да бар. А. -
өлкөнүн өнөр жай ж-а соода борбору; текстиль,
хим., машина куруу, болот, прокат, кант өнөр
жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, металлдан, сөөктөн, булгаарыдан буюм жасоо) өнүккөн. Р. Карачалова.