АМЁБИАЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:43, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМЕБИАЗ – адамдын жоон ичегисинде дизентерия амёбасы пайда кылуучу мите оорусу. Амёбанын туруктуу формасы – циста м-н булганган жашылча-жемиш, суу, кир кол аркылуу  жугат. Айрым учурда амёбалар организмге киргенден кийин оорунун белгилери байкалбайт. Мындай адам амёба алып жүрүүчү болуп, айлана-чөйрөгө заңы м-н амёбанын цисталарын  чыгарат. Циста организмге киргенден бир жума  (кээде бир нече ай) өткөндөн кийин оору башталат: алы кетип, тамакка табит тартпай, ич
катуу ооруп, ириң, кан былжыр аралаш өтөт. Кээде жоон ичегиде дизентерия пайда кылган  жараттан кан аркылуу башка органдарга (өпкө, боор, бөйрөк, мээ ж. б.) өткөн амёбалар ал органдарды абсцесске дуушар кылат. Дарылоо антибиотиктер м-н врачтын көзөмөлүндө жүрөт. А-ды алдын алууда өздүк гигиена эрежесин сактоо, тамак-ашты, идиш-аякты чымын кондурбай таза кармоо, жашылча-жемиштерди кайнатылган суу м-н жууп жеш керек.