АМБУЛАТОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. ambulatorius – көчмө,

төшөккө жатып калбаган) – элге ооруканадан тышкары мед. жардам көрсөтүн, дарылоочу ж-а ооруну алдын алуу иштерин жүргүзүүчү мекеме. А-лык жардам оорулуунун жашаган ж-а иштеген жерине, кайсы мекемеге бекитилгендигине карата жүргүзүлөт. А-нын поликлиникадан айырмасы, мында хирургия, ички оорулар, тиш оорусу (айрым учурда төрөт ж-а аялдар оорусу, балдар оорусу) сыяктуу негизги адистиктер б-ча гана мед. жардам көрсөтөт. А. оорукана м-н бирге же өзүнчө болот. Мында дарылоо иштеринен тышкары ооруну алдын алуу чаралары, санитариялык агартуу ж. б. иштер кеңири жүргүзүлөт. Элге көрсөтүлгөн бардык мед. жардамдардын көбү айылдык А-лык мекемелер болгондуктан, алардын мааниси чоң, к. Саламаттык сактоо.