АЛЬТАМИРА
22:45, 14 Май (Бугу) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
жогорку палеолит дооруна (б. з. ч. 17–14-миң жылдык) таандык үңкүр. Испаниянын түндүгүндөгү Сантандер ш-на жакын жерде жайгашкан. 1876–79-ж. испан археоло-гу Марселико Санс де Саутуолой ачкан ж-а изилдеген. Үңкүрдүн боорунда боёк м-н тартылган ж-а ташка чегилген бизондун, аттын ж. б. айбанаттардын сүрөттөрү, о. эле таш куралдары табылган. Үңкүрдөгү тартылган сүрөттөр
дө айбанаттардын түзүлүшү, кыймыл-аракеттери чебер келтирилип, алгачкы коомдук мад-ттан маалымат берет. А. – бүткүл дүйнөлүк мурастын
тизмесинине киргизилген археол. эстеликтердин бири.