АЛЬМАДЕН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
, 10-к-га чейин С и с а п о —

сымаптын дүйнөдөгү эң ири кендеринин бири. Испаниядагы Сьерра-Морена тоосунун этегинде, Мадридден 200 км түш. -батыш тарапта үстүнкү горизонту ачык жол м-н 550 терендикке чейин. Жер астынан казылып алынат. Аянты 5 км2. Калган запасы 57 миң тдан ашуун. Кен (б. з. ч.
миң жылдыктын аягынан) белгилүү. 10-к-га чейин киноварь (кызыл) боёгун алуу үчүн иштетилип, 1499-жылдан сымап алынат. Кен орун алган аймакта палеозой заманынын башында пайда болгон ж-а ири бүктөлүүлөргө, жылышууларга дуушарланган сланецтердин, кумдуктардын, кварциттердин, акиташтегинин катмарлары м-н кайнозойдун диабаз, кварц порфирлери кезигет. Кен уз. 20 км келген тилкеде кварциттердин арасынан орун алып, катарлаша жаткан 3 кенташ (руда) кабаттарынан турат. Алардын калыңдыгы 8-12 м, уз. 300-500 жге жетет. Кенташ негизинен кварц м-н киновардан турат. А. к. герцин металлогениялык доордо пайда болгон гидротерм кенине кирет.