АЛТЫН ЭРЕЖЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

статикада – жөнөкөй механизмдин (рычаг, жантык тегиздик, чыгырык ж. б.) жардамы менен жумуш аткарууда (сүрүлүүнү эсепке албаганда) кыймылдаткыч күчтүн жумушу оордук күчтүн жумушуна барабар болуу закону. Мис., рычагдын ийини канча кыска болсо (уттурсак), күч ошончо аз жумшалат (утабыз). Архимед А. э-ни (рычагды колдонуу эрежеси) биринчилерден болуп ачып, табияттын жалпы закону – энергиянын сакталуу жана бир түрдөн экинчи түргө айлануу законун аныктоого негиз түзгөн.