АЛТЫН ОРДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– 13-к-дын 40-ж-нын башында

хан Батый негиздеген мамлекет. А. о-нун бийлиги батышта – Дунайдын аягы м-н Фин булуңуна, чыгышта – Иртыш м-н Обь суусунун аягына, түштүктө – Кара, Каспий ж-а Арал деңиздери м-н Балхаш көлүнө, түндүктө – орустун Новгород жерлерине чейинки аймакты камтыган.
А. о-нун борбору оболу Сарай-Бату (Астраханга жакын), кийин Сарай-Берке (Волгоградга жакын) болгон. Мамлекет катары түпкү негизи монгол ж-а түрк көчмөн элдеринен куралган, күч м-н гана сакталып турган бирикме болгон. Анын курамына Итиль д-нын аймагындагы булгарлар, мордвалар, орустар, гректер, түрк тилинде сүйлөгөн айрым элдер кирген. Көчмөн калктын басымдуу бөлүгүн кыпчактар, татарлар, маңгыттар, кереиттер, наймандар, каңды ж. б. көчмөн уруулар түзгөн. А. о-нун карамагында жашаган элдин коомдук ж-а маданий өнүгүү деңгээли да түрдүүчө болгон. Хандар карамагындагы калктарга талап-тоноо саясатын жүргүзүп, мыкты жерлерди ж-а жайыттарды көчмөн феодалдар ээлеп, калктан үзгүлтүксүз салык алып турушкан. Шаарларда кол өнөрчүлүк өнүккөн. Алар мад-ттын да борборуна айланган. Шаарларда чет жактан келген усталар иштешкен. Мамлекеттин башында Чынгыз хандын тукумунан чыккан хандар турган. Ал эми мамл. иштерди «бектердин беги», айрым аймактарды вазирлер башкарган. Элден жыйналуучу салыкты даругдар же баскактар жыйнашкан. Мамл. түзүлүшү жарым аскердик мүнөздө болгон. Анткени аскердик ж-а админ, кызмат бөлүнгөн эмес. А.о-нун аймагын Жучунун 14 уулу энчилеп улустарга бөлүп алган. Мис., Ак ордо улусун Жучунун уулу Ордо-Ежен башкарган. Кийинчерээк А. о. мурасчыларынын ортосунда феод., согуштар чыккан. 1357–80-ж. ич ара согуштардын натыйжасында 25 хан орун алмашкан. 14-к-дын 60-жылдарында А. О-дон Хорезм бөлүнүп чыгат. Бир аз өтпөй Астрахань бөлүнүп кетет. Биригишкен орус княздары 1380- ж. Куликовдогу ордого каршы салгылашууда чоң ийгиликке жетишет. 1395–96-ж. Тимур А.
о-нун аскерлерин толук талкалап, Сарай-Беркени басып алат. 15-к-дьш 20-жылдары А. о. биротоло ыдырап бузулуп, мурдагы бирикмеден Сибирь хандыгы, Ногой ордосу, Казань ж-а Крым хандыктары өз алдынча бөлүнүп кетет. 1480-ж. орустар монголдордун зомбулугунан биротоло бошогон, 16-к-дын башында чоң ордо толугу м-н жоюлган.

3. Эралиев.