АЛП ТЕГИН
12:40, 14 Май (Бугу) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(10. 2. 901, Афганистан, Балх – 13. 9. 963, ошол эле жерде) – Газневиддер мамлекетинин негиздөөчүсү. Саманиддердин тушунда аскер башчылык милдетти аткарып, мамл. иштерди башкарууга катышкан. Анын калк арасында кадыр-баркы жогорулап баратканына кооптонгон эмир Абд аль-Малик А. Т-ди Хорасанга аким кылып жиберет. Буга нааразы болгон А. Т. 962-ж. саманиддердин аскерлерин талкалап, Газна ш-н ээлеп (азыркы Афганистан аймагы), Газневиддер мамлекетин негиздейт.