АНКИЛОСТОМИДОЗ
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
– кишинин ичегисиндеги
мите – анкилостидалар пайда кылуучу оору.
Оорулуу адамдын заңы м-н чыккан мите курттун жумурткалары жерде личинкага айланат.
Ал личинкалар м-н булганган жашылча, мөмө
жемиштер ж. б. тамак-аш м-н соо кишинин ичегисине келет. Ал жерде личинкалар 8-10 жумада чоң куртка айланып, ичегинин былжыр
челин жаралап, кан соруп азыктанат. Оорулуу
канын жоготуп, алсырап, башы ооруп, карыны м-н боорунун тушу ооруп, зарна болуп, кусат. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Аны алдын алууда мите жуккан кишини эртерээк таап
дарылоо, булганган жерлерди зыянсыздандыруу,
тамак-ашты таза сактоо, өздүк гигиена эрежелерин бузбоо зор мааниге ээ.