АНКИЛОСТОМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Ancylostoma duodenale) – анкилостоматиддер тукумундагы жумуру курттар,

адамдын он эки эли ичегисинде мителик кылат, ургаачысынын уз. 8-18 мм, эркегиники -
10 мм. Ооз көңдөйүндө 4 тиши бар. Оозу м-н ичегинин былжыр челине бекип, кан м-н азыктанат. 4-5 жыл жашайт. Жумурткалары сүйрү, түзсүз жука чел кабык м-н капталган. Уруктанган жумурткалар оорулуу адамдын заңы м-н жерге түшүп, 30-32°Сде ж-а нымдуу жерде 1 суткадан кийин андан личинкалар чыгат. Алар заң ж. б. чириген орг. заттар м-н азыктанат. Личинка адам организмине булганган жер-жемиш, жашылчалар, суу аркылуу кирет. Денеге кирген личинкалар веналарга өтүп, жүрөккө барат, андан өпкөгө, кекиртек аркылуу кулкунга барып, шилекей м-н жутулуп, он эки эли ичегиге түшүп, анда өсүп жетилет.