АНГОБ
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(фр. engobe) – карапа буюмдарынын
сыртын жылмалоо ж-а ага кандайдыр бир түс
берүү үчүн (бышырганга чейин) жалатылган ак
же түстүү чопо катмары. Көп учурда ак түстөгү
А. пайдаланылат. Анын негизги максаты -
материалдын структурасын же түсүн жашыруу
ж-а буюмдун бетине жаткырылган глазурдун
боёгун ачык көрсөтүү. А. айрыкча түстүү буюмдарды кооздоп жазууда боёочу материалдардын
ордуна колдонулат, к. Сграффито.