АНГЛЕЗИТ
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
[алгачкы жолу табылган Англси
а-нын (Улуу Британия) атынан], коргошун
купоросу – минерал, сульфаттар классына
кирет. Хим. формуласы Pb(S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же
жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз
сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы
б-ча 2,5-3, тыгыздыгы 6380 кг/м3. С. салм. 6,4.
Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. А. – коргошундун негизги кенташы (рудасы).