АНГИОМА
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(гр. angeion – түтүкчө, кан тамыр,
oma – шишик) – кан же лимфа тамырларынан
өсүп чыккан зыянсыз шишик. Анын 2 түрү бар:
жөнөкөй А.– теридеги же былжыр челдеги тубаса жалпак өсүндү; ал кан тамырлуу калдын
негизин түзүп, көгүш түстө; көңдөйлүү А.– тери
алдындагы клетчаткада же ички органдарда
пайда болот. Айрым учурда андан кан көп кетет. Эгерде ал тез өссө хирург. жол, радиотерапия колдонулат.