АНАЭРОБДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. ап – терс бөлүкчө, аег – аба

ж-а bios – жашоо) – кычкылтексиз чөйрөдө жашай алуучу организмдер. А-го бактериялар, ачыткыч козу карындар, жөнөкөйлөр м-н курттардын кээ бир түрлөрү кирет. Чыныгы же облигаттуу А-дор кычкылтексиз, чала же факультативдүү жерде да тиричилик өткөрө алат. Топуракта, сууда, суу түбүндөгү баткакта кеңири таралган. Облигаттуу А-го клостридий бактериялары кирет, алар жаратылышта кеңири таралган, ачуу процесстерин, о. эле кишинин кээ бир коркунучтуу ооруларын (ботулизм, селейме, газ гангренасы) чакырат. Суу жаткан күрүч талааларында жашоо тиричилигин өткөрүүчү метан пайда кылуучу бактериялар да чыныгы А-го кирет. Факультетивдүү А-го ачыткыч козу карындардын түрлөрү, сүт кычкыл бактериялары, кишинин ж-а жаныбарлардын ичеги көндөйүндө тиричилик өткөрүүчү бактериялар таандык.