АНАНЬЕВ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Байсоорун, СазановкаЫсык-Көл обл-нун Ысык-Көл р-ндагы кыштак.

Ананьев айыл аймагынын борбору. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата ш-нан 50 км, Балыкчы темир жол бекетинен 130 км чыгыш, облустун борбору Каракол ш-нан 92 км түн.-батыш тарапта. Калкы 7807 (2009). Эки орто мектеп, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, клуб, китепкана, музей бар. Тамак-аш комбинаты, сүт з-ду иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.