АНАЛОГИЯЛУУ ОРГАНДАР
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
(гр. analogos -
окшоштук) – ар башка систематикалык топко
кирген организмдердин окшош органдары.
Органдардын мындай окшоштугу аткарган кызматына байланыштуу. Алар организмдердин теги бир экендигин аныктоого негиз боло албайт.
Анткени, алар аткарган кызматтары б-ча окшош болгону м-н келип чыгышы б-ча айырмаланат. Алардын окшоштугу организмдердин бир
экол. чөйрөгө ыңгайланышынын, б. а. конвергенциянын негизинде келип чыгат. Бир эле
чөйрөдөгү ар башка топтун организмдеринин
окшош органдары бири бирине көз карандысыз
өөрчүгөн. Мис., сөөктүү ж-а кемирчектүү балыктардын дене ж-а сүзгүч канаттарынын окшоштугу же алардын дене формасына сүт эмүүчү дельфиндин денесинин окшоштугу ж. б.