АНАДЫРЬ
09:09, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
– Россиянын түн.-чыгышындагы
дарыя. Уз. 1150 км, алабынын аянты 191 миң
км2. Анадырь бөксө тоосу ж-а Анадырь түздүгү
аркылуу агат. Анадырь булуңундагы Онемен
булуңуна куят. Орт. чыгымы 1680 м3/сек. Октябрдан майдын аягына чейин тоңот. Марков
кыш-нан тартып кеме жүрөт (570 км). Төмөнкү
агымында балык кармалат.