АЛЫМБЕКОВ Бактыбек Маданбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
06:59, 5 Май (Бугу) 2022 карата 324-432>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
Бактыбек Маданбекович (21. 7. 1963-ж. т., азыркы Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну, Ленин-Жол айылы) – милициянын генерал-майору (2009), юридика илимд. доктору, 2 класстагы мамл. кеңешчи. СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин (1984), Москвадагы Коопсуздук, коргоо ж-а укук коргоо академиясын (2007) бүтүргөн. 1984–85-ж. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам өкүл, 1985–89-ж. бөлүм начальнигинин орун басары, 1989–90-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүндө ыкчам өкүл, 1990–91-ж. 6-бөлүмдүн улук ыкчам өкүлү, 1991–92-ж. Жаңы-Жол р-ндук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1992–96-ж. Ала-Бука р-ндук ички иштер бөлүмүндө начальник, 1996–98-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүндө начальник, 1998–2000-ж. Жалал-Абад обл. ички иштер башкармалыгында начальниктин орун басары, 2002-жылдан начальниги, 2003–08-ж. Ысык-Көл, 2008–10-ж. Баткен обл. ички иштер башкармалыктарында начальник, 2010–12-ж. КР ички иштер министринин биринчи орун басары, министрдин милдетин аткаруучу, 2012–14-ж. Чүй обл. ички иштер башкармалыгында начальник, 2014–19-ж. Кыргызстан эл аралык ун-тинде «Дипломатия жана эл аралык укук» кафедрасынын доценти, 2019-жылдан кафедра башчысы. КР Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–12). Медалдар м-н сыйланган.