АНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 бузулбас, ыйык шерт, касам; берилгендикти билгизген, жоопкерчиликти алууга милдеттендирген расмий же салтанаттуу убада.

Кыргызда A-ты шерт, касам деп да аташкан. Ата Мекенди коргоо, ага кызмат кылуу, жарандардын өмүрүн коргоо ж. б. б-ча ыйык милдеттерин ак ниет аткарууга өлкөнүн Президенти, депутаттар, жоокерлер, укук коргоо кызматкерлери, врачтар ж. б. А. беришет. А. берүү кээде досчулукта, кандайдыр бир ишти аткарууда да колдонулат. A-ты жөн эле бере бербейт. Эгер адам А. берсе, аны аткарыш парз. Илгери А. берүүдө анттан тайбаска кылычты үү жер урсун» деп касам ичишкен. Кээде жалпы түрдө А. берген учурлар да болот.

Ы. Кадыров.