АНТИТОКСИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(анти... ж-а ...токсиндер) -

организмге кирген бактерия, жаныбар ууларына (токсинге) каршы пайда болуучу антителолор. Алар токсин (уу) м-н айкалашып, аны жоюп жиберет (нейтралдайт). Жаратылышта организмге токсин киргенде же ага жасалма А-ди куйганда канда ошол гана ууга (токсинге) таандык А. пайда болот. Ал медицинада тиешелүү инфекцияны (кептөөр, селейме, газ гангренасы, ботулизм) козгоочу микробдордун уусуна каршы, аны алдын алуу, дарылоодо кеңири колдонулат. А. бар кан сары суусу жылан, кара курт ж.б. уулуу жаныбарлардын уусун зыянсыздандыруу үчүн да куюлат. Ал жаныбарды (жылкыны) керек токсин же анатоксин м-н бир нече жолу иммундаштырып, даярдалат.