АНТИМОНИТ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. antimonium -
сурьма), сурьма
жылтырагы,
стибнит – минерал. Сульфидцер классына
кирет. Хим. формуласы Sb2S3. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз металл сымал
жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 2–2,5.
С. салм. 4,6. Кычкылдануу зонасында сурьма
кычкылдарын ж-а кычкылтектүү бирикмелерди пайда кылат. А. сурьманын негизги
кенташы. Негизинен
эритме кошундуларды (подшипниктер
үчүн баббиттерди) жасоодо кеңири пайдаланылат. О. эле
сурьма кошундусу резина өнөр жай, текстиль
өндүрүшүндө, айнек иштеринде, медицинада
ж. б. пайдаланылат. Кырг-ндагы сурьма кендери: Кадамжай, Терек-Сай, Абшыр-Сай, КасанСай, Саба-Жарды ж. б. Кадамжай кенинен
бөлүнүп алынган сурьма сапаты б-ча дүйнөлүк
эталон катары эсептелинет.