АНТИГЕН-АНТИТЕЛО РЕАКЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– иммундук комплексти пайда кылуучу антигендин

өзгөчө антитело м-н байланышы. Бул реакция антитело ж-а антигендин структураларынын дал келиши м-н мүнөздөлөт. Антиген м-н антитело өз ара байланышканда гидрофобдук, суутектик, электрстатикалык, Ван-дер-Вальс байланышы пайда болот. Түрлөрү агглютинация, преципитация (тунма пайда болуу), токсиндерди зыянсыздандыруу, цитолиз реакциясы ж. б. Ал - гумордук иммунитеттин негизи. Токсиндерди нейтралдоо, ооруга чалдыктырган микроорганизмдерди, организмдин өзгөргөн клеткаларын жок кылуу бул реакция м-н башталат. О. эле иммундук комплекстин пайда болушу – анафилаксия, аутоиммундук оорулар ж. б-лардын патогендик механизми.