АНТАРКТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:20, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (анти... ж-а Арктика, б. а. Арктикага каршы жайгашкан аймак) – Жердин

түш. уюл аймагы. Антарктиданы, Атлантика, Тынч ж-а Инди океандарынын Антартидага жакын жаткан бөлүктөрүн, Уэделл, Росс, Амундсен, Беллинсгаузен деңиздери м-н, о. эле Түш. Георгия, Түш. Сандвичевдер, Түш. Оркней, Түш. Шетланд ж. б. аралдарды камтыйт. А-нын чек арасы 48–60° түш. кеңдик (Антарктика конвергенциясынын түн. абалынын сызыгы) б-ча өтөт. Аянты 52,5 млн км2. Абанын темпрасы эң төмөн, катуу шамал, кардуу бороон болуп, көбүнчө туман басып турат. А. Жер шарындагы эң катаал, суук аймак, субантарктикалык аймактын эң жылуу айынын орт. темпрасы 10°С, эң суук айыныкы 0°Сден -10°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны Чыгыш Антарктиканын жээктеринде 30-50 мм, Антарктика ж. а-нын батыш жээктеринде ж-а субантарктика аралдарында 1000 ммден ашык. Материк калың муз катмары м-н капталган; аралдарды адатта тоо мөңгүлөрү каптаган. Деңиз музунун аянты сезондон сезонго өзгөрүп турат; кыштын аяк ченинде 20 млн кж2дей, жайында 2,5 млн км2 дей. Үстү жалпак айсбергдер мүнөздүү. Орг. дүйнөсү Антарктикада өтө жарды, океанда өтө бай. Аралдарда тундра өсүмдүктөрү өсөт; деңизде сүзүүчү канаттуулар көп. Деңиз жаныбарларынан кит, калак буттуулар бар. Алар криль (көп топтолгон) м-н тамактанат. 1959-жылдагы Эл аралык келишим б-ча А. демилитаризацияланган бейтарап зона, тынчтык максатка гана пайдаланылат; ил.-из. иштери эркин жүргүзүлөт.
Ад.: Трешников А. Ф. История открытия и исследования Антарктиды. М., 1963; География Антарктиды. М., 1968. М. Кадыркулов.