АНТАБЛЕМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(фр. entablement) – горизонталдык төрт кырдуу устундар системасынын архралык образын түзгөн ордердин жогорку бөлүгү.

Классикалык арх-ранын ордериндеги айрым бөлүктөр: архитрав, фриз ж-а карниз А-ти түзөт. Бул бөлүктөрдүн бийиктик катыштары ар кайсы доорлордун ордерлери м-н курулуштарында ар башка болгон. Көп учурда фриз бийиктиги б-ча архитравга барабар же андан бир аз бийик болот. Ал эми карниз фризге барабар же яттдятт бир аз чоң болот. А-тин бийиктиги жалпысынан колоннанын бийиктигине болжол м-н 1х4дей тиешелүү.