АНСЭЙ КЕЛИШИМДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:03, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
– 1854–58-ж. АКШ,

Улуу Британия, Россия, Франция, Нидерлан-ды м-н
Япониянын ортосунда Ансэй жылдарында (император Комэй башкарган жылдардын расмий аталышы) түзүлгөн келишимдер. Япон өкмөтүнүн каршылыгына карабастан, А. к. Япониянын эки кылымдан ашык мезгилге
созулган тышкы дүйнөдөн изоляциясын жойгон. А. к. чет өлкөлүк соодагерлерге Япониянын айрым шаарлары м-н портторунда тоскоолсуз соода жүргүзүүсүнө жол ачып, бул мамлекетти дүйнөлүк рынокко кошкон. Бирок Япониянын чет өлкөлүк соода компанияларынан алынуучу
бажы салымдарын алуу укугу чектелип, келишим - дерге ылайык, сырттан ташылып кирген
товарлардан алынуучу бажы салыктары төмөндөтүлгөн. А. к-нин шарттары 1894–99-ж. кайра каралган.